Нурлан Мотуев буга чейинки сот жараянында коюлуп жаткан айыптардын бирин да мойнуна алган эмес. Нурлан Мотуев менен анын жан жөкөрлөрүнө жалпысынан 14 кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Алардын арасында бирөөнүн мүлкүн басып алууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө жана ири өлчөмдөгү каражат уурдоого байланышкан беренелер да бар.(SM)