Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Ирандык телеканал камактагы эки Британ деңизчисин көргөздү


Ирандык арап тилдүү ырасмий телеканал деңизчилер Перс булуңунун картасын көрсөтүп сүйлөп жатканын көрсөттү. Аль-Алам телеканалынын алып баруучусу Эки британ аскери 23-март күнү алардын кемеси Ирандын аймагын кайсыл жай аркылуу өтүп кеткенин айтып беришти деп билдирди. Жекшембиде Тегеранда абактагы 15 британ деңизчисин сотко берүүнү талап кылып Британ элчилигинин жанына 200дөн ашуун студент чогулду. Алар элчиликтин имаратын таштар жана петардалар менен жаадырышты. Британ өкмөтү камактагы аскерлерди сүйлөшүүлөр аркылуу кайтарууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG