Дүйшөмбүдөгү администрация жыйынында президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформага байланыштуу жумушчу топ түзүүнү тездетүүнү президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевге тапшырды. Жумушчу топ түзүү демилгесин президент 23-мартта жергиликтүү телеберүү аркылуу калкка кайрылуусунда көтөрүп, аны түзүү саясий партиялардын сунуштарынан көз каранды экенин белгилеген. Ал эми 30-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык реформа боюнча түзүлө турган жумушчу топко оппозициядан бир да талапкер сунуштала электигин белгилеген. (BuS)