Партия «Реформалар үчүн!» кыймылы менен «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун парламенттик Конституция кабыл алууну жана кезексиз президенттик шайлоону талап кылган билдирүүсүн колдоп, 9 жана 11-апрелде майданга чыгуу чечимин кабыл алды деп айтылат «Атамекен» партиясы тараткан билдирүүдө. Билдирүүдө ошондой эле президенттин «реформатордук сапатынын, жолбашчылык касиеттеринин жоктугу… президенттик сөзүнүн, убадаларынын наркын да, баркын да жокко чыгарды» деп белгиленген. (BuS)