Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

15:58 Акыйкатчы институту: Абактагы тогуз адам таяк жеди


Акыйкатчынын орун басары Таалай Кошоковдун бүгүн тараткан маалыматына караганда, №16 колонияда отурган тогуз айыпкерди жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын атайын багыттагы аскерлери токмоктоп, биринчи жана үчүнчү колонияларга күч менен которушкан. Бул ишти учурда атайын прокуратура териштирип жатат. Ушул эле күнү жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоров тогуз айыпкерди башка абактарга которуу планда белгиленген, бирок, алардын тартипке баш ийбегендиги күч колдонууга аргасыз кылган деп билдирди. Анын айтымында, мындай чара абактардагы коопсуздукту сактоо максатында көрүлдү. (BuS)

XS
SM
MD
LG