Аталган айыл өкмөт башчылыгына алгач 5 талапкер катталган. Шайлоого чукулдаганда 3 талапкер өз каалоосу менен шайлоодон четтешип, бюллетенге эки талапкер кирген. Натыйжада, 1-апрелде болгон шайлоого шайлоочулардын 55 пайызы катышып, Акталаа айылынын башчысы болуп Тынчтыкбек Жусубалиев шайланды. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин айтымында, шайлоо тынч өттү. Эми май айында Карасуу айылында да айыл өкмөт башчысын шайлоо болот. (JI)