Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

ЙОДДУН ЖАНА ТЕМИРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ ДЕН-СООЛУКТУ БУЗАТ


Өлкөдө ден-соолукка керектүү йод жана темирдин жетишсиздиги социалдык көйгөйлүү маселердин бири. Мындай керектүү заттардын жетишсиздиги түрдүү оорулардын себеби болууда. Ошондуктан калкка бул көйгөйдү түшүндүрүү иш- чарасын Кыргызстан аялдар Конгресси да өткөрүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын калкынын 30-60 пайызы йоддун жетишсиздигинен жабыр тартып келет. Ал эми аз кандуулук оорусун пайда кылган тамак- аштагы темир заттарынын жетишпегендигинен аялдар менен балдардын 40 пайызы, үч жашка чыга элек наристелердин 50 пайызы мындай оорууга чалдыккан.

Ошондуктан калктын ден соолугун сактоо максатында дан азыктарын алууда жана тамак- аш даярдоодо йоддолгон жана темирзаттары менен байытылган туз, унду пайдалануунун зарылдыгын “Көкжар” жаңы конушунун тургуну Гүлбүбү Ибраева белгиледи.

Бишкектеги “Келечек” жаңы конушунун аймактык башкаруу уюмунун мүчөсү Нарынкүл Борончиеванын айтымында йоддун жетишсиздигинен богок оорулары пайда болуп, тамак- ашта темир заттарынын жоктугунан аз кандуулуктан карапайым калк жабыр тартып жатат.

Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергеновдун айтымында, айрым ишкерлер өндүргөн азык- түлүгүн өтүмдүү кылуу үчүн йоддолгон же темир менен байытылган деп жөн гана жазып коюшат. “Кыргызстандарт жана Саламаттык сактоо министрлиги мындай азык- түлүктөрдү текшерүүдөн өткөрүп гана сертификат берүүсү зарыл” дейт Алмаз Кудайбергенов.

Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын айтымында, саламаттык сактоо министрлиги эл аралык уюмдардын колдоосу менен йоддун жана темир заттарынын жетишсиздигин алдына алуу иш-чараларын өлкөнүн аймактарында өткөрүүнү көздөп турушат.

Ошондуктан, Кыргызстан аялдар Конгрессинин демилгеси менен жер- жерлерде “Денсоолук” штабдары түзүлүп, калкка түшүндүрүү иш- аракеттерин жүргүзүүдө. Мындай иш- чаралар максатка жетиши үчүн балдардын сүрөт конкурсу жана маданият ишмерлеринин концерттик программалары менен коштолуп жүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG