Нөшөрлөгөн жаанда улам Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын үстүндөгү тоолордон кечээ таш кулаган. Натыйжада андан 2 турак үй, 3 чарба курулушу зыянга учураган. Бул тууралуу бүгүн чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (SM)