11 Беларус жаранын жерге берүү тажыясы Минск жана Витебск шаарларында болуп өттү. Аларга вице премьер-министр Виктор Бура баштаган жоон топ расмий өкүлдөр катышышты. Минск 23-март күнү болгон авиакырсыкка Сомалинин борбору Могадишудан атылган ракета себеп болду деп эсептейт. Сомали бийликтери окуя техникалык кырсыктан болгон деген пикирде.