Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:58

« БАКИЕВ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ БАРАМ. БИРОК…»


Маскөөдөн кечээ кайтып келген Ф.Кулов «Время новостей» аттуу маалымат каражат кабарчысы Аркадий Дубнов мырзага интервью берип, буга чейин фронттун штабына келип-кетип аткан Акүй аткаминерлеринин бири дагы президенттин атынан келбегендигин, эгер Курманбек Бакиев аны менен жолугуп сүйлөшкүсү келсе сүйлөшүүдөн баш тартпасын, анткени саясат деген сүйлөшүүлөрдөн турарын, бирок Бакиев менен сүйлөшүүгө бир гана шартта, өнөктөштөрү менен чогуу-чаран, ачык-айкын сүйлөшсө гана барарын айтты, бүгүнкү «Агым» гезити аркылуу. «Реформа үчүн кыймылы лидерлеринин бири Темир Сариев, азыркы кылчайнаш кырдаалдан чыгуу жолун көрсөткөн сунушту К.Бакиевге беришкенин, эгер мамлекет башчысы буга макул болсо, «Бириккен фронт», «Реформа үчүн» кыймылы, өзгөчө президент башында турган мамлекеттик бийлик чогуу меморандумга кол кое алышарын, бул меморандум Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп, ошонун негизинде жаңы шайлоо болгонго чейин бардыгы тең өздөрүнүн дооматтарынан баш тартып, мыйзам негизинде иштейбиз деген убада болорун жар салды.

«Кыргыз руху» гезити өлкөдөгү бүгүнкү абалды «Оош бийликтин оома кадрдык саясаты Акүйдү Ош базарына айлантты» деп мүнөздөп, алакандай кыргыздын азаматтары тил табыша албай жаткандыктары өкүнтөрүн, бийликтин жарым күн, бир айга берилген кызмат орундары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкисине салыштырганда түккө турбастыгын, анткени өлкө кылыч мизинде кылтылдап турганын белгилөө менен, кокус тирешип олтуруп Мамлекеттүүлүктөн ажырап калсак ким жооп берет, Мамлекети жок бийликтин кимге кереги бар, деген суроо таштады. Ошону менен бирге эле 5-апрелде саясый ачкачылыкка катыша турган адамдардын тизмедеги саны 84 адамга жеткенин маалымдады.

«Кыргыз туусу» гезити бүгүнкү санына «Туран –Алтай-Күнэл» деп аталган фонд лидери ойчул Чоюн Өмүралиевдин ой калчоого олуттуу жем таштаган Башмыйзамдын тегерегиндеги көлөмдүү макаласына орун берди. Автор, бүгүн эки тараптын тең карманган калкан куралы бирөө гана-дал ушул Башмыйзам экенин белгилеп, көчөгө эл жыйылып, Акүй сарайына чабуул салынгандын өзөгү да ушунда экенин, бу күндө саясый кадамы так, таамай юрист Куловдун бийликти күрөө тамырдан кычкачтай кармап турган себеби дал ушул Конституцияда жатканын, демек чынгы Элдик Башмыйзам азыр мамлекетке аба менен суудай зарыл болуп турганын баяндаган.

«Эркин тоо» гезитине Социалисттик Эмгектин Баатыры, советтик- партиялык ишмер Корчубек Акназаров аксакалдын оң жээк менен сол жээкти ымалага үндөгөн баарлашуусу басылды. Корчубеков аксакал, улуттук кризис деген улутту бөлүп-жаруу, жок кылуу, мамлекетти ыдыратуу деген сөз деп эсептээрин, көчөгө чыккан 50-100 миң кишинин арасынан бир Телибай тентек бирөөнүн башын каната чапса от тутанып кетерин, ошондуктан бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө келүүгө чакырып атканын билдирген. Ушул эле гезиттен Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча баш катчысы Жыпар Жекшеев президенттин колуна чексиз бийлик берүү тура эместигин, андыктан Кыргызстанга мамлекетти башкаруунун элдик формасын киргизүү зарылдыгын белгилеген.

«МСН» гезит кабарчысы Замир Өсөров мырза баары бир Бакиев Кыргызстандагы № 1 саясатчы экендигин, ал турган турушу, жасаган иштери менен авторитаризмден алда канча алыстыгын, өлкөнүн алдыга жылуусунда бүгүн андан идеалдуу фигура жоктугун жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG