Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:28

ОРУСИЯ ЧЕКЕНЕ СООДАНЫ МИГРАНТТАРДАН АЛЫП ӨЗ АТУУЛДАРЫНА БЕРДИ


Орусиянын бардык жеринде мурдагы күндөн тартып мигранттарга чекене соода тармагында иштөөгө тыюу салынды. Ал 1-апрелден тартып ырасмий күчүнө кирген өкмөттүн токтомунан улам болду. Ошондон улам, маселен, жекшемби күнү Москванын базарларында чекене соода түйүндөрүнүн үчтөн бири ачылган эмес. Биздин кабарчынын билдиргенине караганда Ыраакы Чыгыштагы кайсы бир базарлардын 80 пайызга чейинки орундары иштеген эмес. Адистер болжолунда буга дейре чекене соодада иштеп келе жаткан мигранттардын жарымына чукулу тарыхый мекенине кайтып кетүүгө аргасыз болушат. Кайсы бирлери кесибин алмаштырат, дагы бирлери орусиялык атуулдук алуу аракетин жасайт.

Кечээ Федералдык миграция кызматы жүргүзгөн текшерүү жаңы мыйзам арибин бузгандар алгачкыларын кармашты. Алар, өлкөнүн ордо калаасындагы Москворецкий базарында мыйзамсыз соода кылып аткан төрт киши болуп чыкты. Текшерикке алган тарап ошол себептүү базардын кожоюнуна акчалай айып салыптыр. Ал туурасында 2-апрелде журналисттерге ФМК жетекчиси Константин Ромадановский айтып, артынан ал базардын жетекчилиги төкчү штрафты да сөз кылды:

«Ар бир (кармаган – ММ) мигранты үчүн эми ал 500 миңден 800 миңге чейин рубль мамлекетке төгөт. Менимче ушунун өзү мигранттарга иш бергендерге олуттуу сабак болот дейм», - деди.

Ошол эле учурда буга дейре базарларда чекене соода кылып келген чет элдиктер мындан ары жүк ташуучу, эшик шыпыруучу, дүң сатуучу, соода түйүндөрүн ижарага берүүчү, ал тургай жетекчи да болуп иштеп калса болорун да айтты. Бирок чекене сооданы орусиялык атуул гана жасашы керек.
ФМК жетекчиси айтканга караганда «ар жыл сайын КМШ өлкөлөрдөн 22 миллионго чукул жаран Орусиянын жерине кирет. Ошого карабай, эксперттердин эсебинде, азыркы тушта Орусия федерациясынын жеринде мыйзамсыз жүргөн 10 миллионго чукул киши бар».

Былтыр сентябрде Кондапога чакан калаада улуттар ортосунда чыккан кагылыштын жаңырыгы кыйла калааларга таркап баратканда Владимир Путин (15-ноябр, 2006 – ММ) «өлкөдө жергиликтүү калкты коргошубуз керек» демилгесин көтөрүп, өкүмөткө берген атайын тапшырмасы кийин Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен күрөшүү мыйзамын жараткан. Ошол жаңы мыйзамдын турмушка аша башташы болуп атат. Ал жолу президент:
«Миграция чөйрөсүндө тартипти жөнгө салышыбыз керек», - деп бек эскерткен эле.

Анализчилер чөйрөсү болсо чекене соода жасоону чет элдиктерге тыюу салуу Орусияда жылдын этегине дейре күчүндө кала берет. Андан соң ал узартылып же алынып ташталат дешет.

XS
SM
MD
LG