Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

12:57 Парламентте «Социалисттик Атамекен партиясы» фракциясы түзүлдү


Муну бүгүн депутаттардын кайрылуусунун негизинде парламент сессиясында төрага Марат Султанов жарыялады. Фракциянын тутумуна депутаттар Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Карганбек Самаков, Жаныш Кудайбергенов киришти. Булардан тышкары Тайырбек Сарпашев, Эркин Алымбеков, Мелис Эшимканов «Эл биримдиги» депутаттык тобунан чыгып, аталган фракцияга кошулушту. Аталган үч депутаттын ордуна «Эл биримдигине» депутаттар Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Аскарбек Шадиев киришти. Ал эми «Жибек жолу» депутаттык тобунунун башчылыгына ротациялык тартипте депутат Замирбек Эсенаманов бир жылга шайланды (BuS).

XS
SM
MD
LG