Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

14:22 Өкмөттүн дагы бир нече мүчөсүнө жарлык чыкты: А.Жапаров ордунда калды, бажы комитетине башка адам келди


БИШКЕК. Президент К.Бакиев бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык Каржы министри А.Жапаров, маданият министри С.Раев, эмгек жана социалдык коргоо министри Ө.Абдуллаева, билим жана илим министри К.Осмоналиев, өнөр жай, энергетика жана отун министри И.Чудинов ордунда калышты. Башка бир жарлык менен айыл чарба министри болуп Т.Узакбаевдин ордуна С.Жээнбеков дайындалды. Президент бажы комитетинин төрагасы Салайдин Айдаровдун ордуна Нурлан Акматовду дайындады.

Алмаз Атамбаев премьер-министрликке парламенте бекитилип жаткан маалда депутат Ө.Текебаев салык жана бажы комитеттеринин башчылары коррупциялашып кетти, аларды кызматтан алышыңыз керек деп А.Атамбаевге суроо салган эле.

Эми өкмөттөгү бараандуу кызматтар ичинен биринчи вице-премьер-министрлик орунга азыр эч ким дайындала элек. (КО)

XS
SM
MD
LG