БИШКЕК. Бүгүн кыргыз спорт коомчулугу оор жоготууга учурады. 55 жаш курагында кырсыктан улам СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва олимпияда оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров каза болду. Ал мындан 2 күн мурда квартирасындагы балкондо иштеп жатып, 4-кабаттан жерге кулап түшкөн. Андан бери оорканада жатып, бүгүн каза тапты.
Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 1976-жылы СССР спортунун чебери, 1979-жылы СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981-жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери деген ардак наамдарга арзыган.
Ал СССРдин чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-олимпиядада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 11 минута 16 секундда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын олимпиядалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган. (KMa)