Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

ӨКМӨТТӨ ТОЛУКТООЛОР. ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ ТИЛ ТАБЫШАБЫ?


«Реформа үчүн» кыймыл жана "Бириккен фронт" бийлик менен үч тараптуу сүйлөшүүнү баштоону сунуштады деген маалымат 3-апрелде түштөн кийин тарады. "...кыймылга" кирген айрым депутаттар мындай маалыматты ырастаса, "... фронтко" кирген саясатчылар төгүнгө чыгарышууда. Бул арада өкмөттүн курамы министрлер менен толукталды.

Интернет маалымат булактарына чыккан кабар боюнча сүйлөшүүнү бийликтен беш, кыймылдан беш жана фронттон беш кишинин катышуусу менен жүргүзүү белгиленген.

Бирок фронттун өкүлү Эмил Алиев сүйлөшүү тууралуу фронтто сөз жок экенин айтып, мурунку талаптарды кайталады:

- Сүйлөшүүнүн бир эле шарты бар. Ал бийликти кантип өткөрүп берет, шайлоону кайсы мезгилге дайындайбыз, кантип өткөрөбүз деген маселе боюнча гана сүйлөшүү болушу мүмкүн.

Бирок фронттун лидери Феликс Кулов орус гезиттерине берген интервьюсунда «эгерде президент жолугушууну кааласа жекеме-жеке эмес, кеңири форматта сүйлөшүүгө даярмын» деп билдирген.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Темир Сариев ар кандай форматта жана түрдө сүйлөшүүлөр сунушталып жатканын айтып, беш-беш-беш форматтагы сүйлөшүү ошолордун бири болушу мүмкүн деген оюн айтты.

Темир Сариевдин пикирлеши Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов сүйлөшүү тууралуу маалыматты ырастады:

- Чындыгы бар. Мен макулдук бердим. Мен беш-беш-бештен турган форматта сүйлөшүүгө кирдим. Мен билгенден Байсалов, Отунбаева кирди. Бирок реформачылар да бөлүнүп жатпайбы….

Бириккен фронттун катарында жүргөн «Интербилим» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Асия Сасыкбаева сүйлөшүүлөр болуш керек деп, бирок анын форматы аныктала электигин ачыктады:

- Ал башка форматта чечилет. Азырынча тактала элек. Бирок жакын арада аныкталат.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча кабары жок экенин билдирип, бирок өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо уланып жатканын белгиледи.

Президент К.Бакиев бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык Каржы министри А.Жапаров, маданият министри С.Раев, эмгек жана социалдык коргоо министри Ө.Абдуллаева, билим жана илим министри К.Осмоналиев, өнөр жай, энергетика жана отун министри И.Чудинов ордунда калышты. Башка бир жарлык менен айыл чарба министри болуп Т.Узакбаевдин ордуна С.Жээнбеков дайындалды. Президент бажы комитетинин төрагасы Салайдин Айдаровдун ордуна Нурлан Акматовду дайындады.
Алмаз Атамбаев премьер-министрликке парламенте бекитилип жаткан маалда депутат Ө.Текебаев салык жана бажы комитеттеринин башчылары коррупциялашып кетти, аларды кызматтан алышыңыз керек деп А.Атамбаевге суроо салган эле.

Эми өкмөттөгү бараандуу кызматтар ичинен биринчи вице-премьер-министрлик орунга азыр эч ким дайындала элек.

Айданбек Акмат уулу, Бишкек шаары

Сүрөттө: 2006-жылдын ноябрындагы оппозициянын митингинен бир көрүнүш.

XS
SM
MD
LG