Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

ИРАНДА КАРМАЛГАН БРИТАНИЯЛЫК СУУЧУЛДАР МАСЕЛЕСИ ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕТ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн жума күнү Перс булуңунда кармалган британ суучулдары айланасындагы чатак жакында эки тарап ортосундагы дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилиши мүмкүн. Ал тууралуу Ирандын расми өкүлү дагы, Британия премьер-министри да билдирүүдө.

Он беш британиялык суучул Иран тарабынан кармалып кеткени тууралуу 23-мартта алгач билдиргенде Лондон аны мыйзамсыз аракет деп атап, космостон тартылып алынган сүрөттөрдү да көрсөтүп, алар Ирандын суу мейкиндигинен сырткары жүргөн кезде кармалган деп айткан. Тегеран болсо туткундарды сыналгы аркылуу бир нече жолу көрсөттү жана жана алар баары - Ирандын суу мейкиндигине кирип кеткени жөнүндө айтып, мындай учурлар мурда да болгонун моюнга алды.

Британиянын коргоо министри Дэс Браун 1-апрелде - Иран менен дипломатиялык сүйлөшүү жүрүп жатканын тастыктады, ал эми "Ассошиэйтед пресс" агенттиги 2-апрелде Британиянын ички иштер министрлигиндеги атынын аталышын каалабаган адамга шилтеме жасап билдиргенге караганда, Лондон Тегеранга кабар берип, суучулдар кайсы жерде кармалганы жөнүндөгү маселени сүйлөшүү чегинен чыгарып салууну сунуштады. Тегеран дароо - эки тараптуу сүйлөшүүдө оң жылыш пайда болду деп жарыялады жана туткун суучулдардын видеолору сыналгы аркылуу башка көрсөтүлбөйт деп убада кылды.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани болсо 2-апрелде британиялык жана 3-апрелде ирандык сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, маселе дипломатиялык жол менен гана чечилиш керек деп билдирди. "Бул маселени чечүү үчүн сот өткөрүүнү биз каалабайбыз. Британ өкмөтү эле ага каршы чыкпаса, биздин турум - эң биринчи кезекте дипломатия колдонуш керек", - деп билдирди Ларижани 2-апрелде Британиянын "Төртүнчү канал" сыналгысы аркылуу.

Анын айтымында, Европа Биримдиги жана башка тараптар бул маселеге кийлигишпеш керек жана андай кийлигишүү менен алар өз кадырын гана түшүрүүдө. Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун дагы маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды: "Мен ойлойм, маселе айланасындагы чууну басаңдатыш керек, аны чечиш үчүн чуунун кереги жок. Бириккен Улуттардын баш катчысы катары мен ишенем, аларды биз жакында бошото алабыз. Мен билем, бул маселеге өтө көп башка нерсе кошулган, бирок ал дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечилгенин эл аралык коомчулук көрүш керек", - деди баш катчы 2-апрелде.

Анын айтымында, Иранга каршы Бириккен Улуттар тарабынан жакында чектөөлөр киргизилгени дагы өз таасирин тийгизүүдө, ошондуктан Тегерандын абалы өтө сезимтал, бирок суучулдар маселеси эки тараптуу мамиленин чегинде жатат.

Акыркы күндөрдө Пан Ги Мун Жакынкы Чыгыштын бир нече мамлекетин кыдырып келди жана 28-29-мартта Эр-Рияд шаарында Араб лигасынын бийик жолугушуусуна катышканда, Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүп, ушул маселени дагы талкуулаган.

XS
SM
MD
LG