Президент кол койгон мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде түзүүсү керек болгон УТРКнын Башкаруу Кеңеши он беш кишиден турмакчы. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган бешөөнү жарандык коомчулуктун өкүлдөрү шайламакчы. УТРКнын башкы директорун Байкоочулар Кеңеши шайлап, премьер-министр бекитет. Негизинен МТРКны коомдук теле каналга айлантуу кыргыз оппозициясынын башкы талаптарынын бири эле. Бирок өлкө башчысы былтыркы ноябрь айындагы жети күндүк митинг учурунда да аны коомдук теле каналга айлантуудан баш тарткан эле. Эми оппозициянын эки чоң канатынын кысымы алдында президент МТРКны коомдук теле каналга айлантты. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин ырасташынча, президент бул мыйзамга маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында кол койду. Мыйзамга кечээ күнү кол коюлган.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев, президенттин мындай кадамы кубаттоого татый тургандыгын, бирок УТРКнын Башкаруу Кеңешине жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн кандай тандоо керектигин тактап алуу зарын болуп тургандыгын баса белгиледи:
- Президенттин мындай кадамы кубаттоого гана татыйт. Бирок бул чоң иштин башаты эле да. Эми башкысы жанагы байкоочу кеңешти түзүү болот. Бул жерде чоң маселе болуп атат. Мисалы, президент жана парламент өзүлөрү байкоочу кеңешти сунуштай ала турган болсо, мобул жарандык коомдон кимди сунуштайбыз. Ушул маселени чечиш керек болуп атат.
“Өзгөрүш” коомдук корунун жетекчиси Алмаз Тажыбайдын пикири да буга үндөш:
- Кайсы коомдук уюмдар кирет, баары эле кире береби, маселен, биздин уюм да кирсе боло береби анын башкаруусуна. Мүмкүн балдар уюму деле кире береби. Ошонусу түшүнүксүз болуп турат.
Ал эми Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун пикиринде, мыйзамга кол коюлгандан кийин шашпай, бардыгын тактап, Башкаруу Кеңешинин курамы кандай тандаларын аныктап, оболу Жогорку Кеңеш жобо иштеп чыгуусу зарыл:
- Чынында анык демократиялык кадам болду бул. Бир гана өкүндүргөн нерсеси президенттин муну саясий күчтөрдүн басым көрсөтүүсүнөн кийин гана жасалганы жаман болуп калды да. Кайра мынакей, шашылыш түрдө парламентке жөнөтүп, шашылыш түрдө эле Башкаруу Кеңешин түзө койгону туура эмес. Эми мыйзамга кол коюлуп, күчүнө кирген соң анын Байкоочу Кеңеши негизги нерсе. Оболу Жогорку Кеңеш атайын жобо иштеп чыгуусу керек.
Эми “Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө” президент кол койгон мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш жобо бекитип, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ болмокчу.