Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

ЭМИ ЧЕТ ЭЛДИК СООДАГЕРЛЕР АЙЫНА 100 МИҢ СОМ ТӨЛӨЙТ


Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кыл тармактары боюнча эмгек миграциясына орундар” аттуу мыйзам долбоорун айрым өзгөртүүлөр менен кабыл алышты. Мыйзам долбоорун Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков сунуштады. Кызуу талкуулардан кийин депутаттар чет элдик жеке ишкерлердин санын сунушталгандан 50 %га кыскартышты. Ошентип башта 2007-жыл үчүн 8 716 эмгек мигрантына орун берүү сунушталса, парламент аны 4 358 адамга кыскартты. Ал эми чет элдик жеке ишкерлер үчүн бир айлык уруксат кагазы 100 миң сомго көтөрүлдү.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитет жетекчисинин орун басары Досмир Өзбековдун айтымында, мындан мурда чет элдик эмгек мигранттары үчүн бир айлык уруксат кагазы 600 сомго берилип келсе, 2006-жылы ал сумма 20 000 сомго көтөрүлгөн. Парламент депутаттарынын айтымында чет элдик жеке ишкерлер үчүн бул сумма өтө эле аздык кылат, ошол себептүү акыркы убакта өзгөчө Кытайдын жарандары көбөйүп кеткен. Миграция комитетинин маалыматы боюнча чет элдик жеке ишкерлердин 90 %ын Кытай жарандары түзүп, алардын саны 21 миңге жеткен. Алардын дээрлик бардыгы базарларда эмгектенишет. Ошол себептүү депутаттар Кытайлык майда соодагерлерди өлкөсүнө жөнөтүп, чоң инвесторлорго гана иштөөгө уруксат берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бирок айрым депутаттар буга каршылыктарын билдирип чыгышты. Маселен, депутат Санжар Кадыралиевдин пикири төмөнкүчө:

- Биринчиден эгер биз кытайлыктарды киргизбей кыса турган болсок жумушсуздук көбөйөт. Он миңдеген адамдар жумушсуз калат. Менин маалыматым боюнча 3000 айдоочу жардамчылары менен Кытайдан жүк ташып жан багышат. Бардыгы үйбүлөсүн багып атышат. Экинчиден Кыргызстанда кийим-кечелердин баалары отуз пайызга чейин көтөрүлөт. Себеби, ортодо алып-сатарлар көбөйөт. Азыркы күндө Кытайдын заводунда чыккан баа боюнча товар сатылып атат. Ошону туура пайдаланышыбыз керек.

Ал эми депутат Камчыбек Ташиев кытайлык соодагерлер кыргыз жергесинде үйлөнүп, көбөйүп атышканы коркунучтуу экендигин айтып, аларга тийишпөөгө чакырган депутаттарды өз кызыкчылыктарын гана ойлоп жатышканы үчүн айыптады:

- Расмий эмес түрдө бир нече миңдеген кытайлыктар үйлөнүп, бир нече миңдеген кытай балдар төрөлүп, бир нече миңдеген кытай балдар, жээндерибиз азыр мектепке барып калышты. Биз муну толук моюнга алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө кытайлар менен иштеген же кытайларды колдогон адамдар чогулуп алып аларды “лобби” кылбашыңар керек, менин урматтуу кесиптештерим. Мына ушундан сак болушубуз керек.

Ошондой эле ал ар бир чет элдик ишкерге айына 100 миң сом төлөтүү демилгесин колдой турганын баса белгиледи:

- Мен айтар элем, ар бир адамга 100 миң сомдон төлөтөлү. Ошондо биздин бюджетке 90 миллион эмес, 180 миллион акча түшөт. Мына ошого чыдагандар келип иштесин.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитет жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков, эмгек мигранттардын иштөөсүнө уруксат берүүдө ар бир өлкөнүн өз-өзүнчө караган туура эмес деп эсептейт:

- Өкмөт ушул маселени караганда өлкө-өлкө кылып бөлбөйт. Бардыгы бул орундарга жалпы кирет, Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан, Казакстандан келгендер да. Менин оюмча өлкө-өлкөгө бөлүп караган туура эмес болот. Эми азыр биз инвестиция күтүп атабыз. Бирок, инвестиция Европадан, Америкадан келбей атпайбы. Бизге жакын мамлекеттерден, Орусиядан, Кытайдан, Казакстандан, Түркиядан болуп атат.

Депутат Кубанычбек Исабеков да чет элдик жеке ишкерлер үчүн орундарды көбөйтүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт:

- Чет элдиктерге орундарды көбөйтүп кереги жок. Себеби, өзүбүздүн жумушчулар жогорку окуу жайларын бүтүп алып көчө шыпырып, тачке түртүп Орусияда жүрсө алардын ордун кытай жарандары ээлеп алганы туура эмес болот. Андан кийин мына 109 чет элдик киши үйлөндү деп атабыз. Бирок, жөн эле жарандык Нике менен көптөрү жүрөт.

Мындан мурда экс-премьер-министр Феликс Куловдун өкмөтү Орусиядагы сыяктуу Кыргызстандагы майда соодагерлерди 2007-жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдөн чыгаруу багытталган токтом кабыл алган эле. Бирок, кийинки экс-премьер-министр Азим Исабековдун тушунда бул токтом токтотулуп, бир жыл кийинкиге калтырылган. Эми азыркы премьер-министр Алмазбек Атамбаев келгени Миграция жана калты эмгек менен камсыз кылуу комитети сунуштаган мыйзам долбоорун, депутаттар айрым өзгөртүүлөр менен кабыл алышты. Биринчиден эмгек мигранттарына берилчү орундар эки эсе кыскартылса, экинчиден жеке ишкерлер айына 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилди. Адистер алдын-ала Кытайлык майда соодагерлердин көбү мындай шарттарга чыдабай турганын болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG