Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

19:50 Конституциялык түзүлүштү өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу президент жарлыгы чыкты


Бүгүн кол коюлган жарлыкка ылайык, жумушчу тобу 11 адамдан туруп, анын бешөө бийлик тараптан, алтоо оппозициядан болот. Жумушчу топтун жетекчиси болуп премьер-министр бекитилди. Премьер А. Атамбаев мамлекеттик органдар жана ар кандай саясий күчтөр менен кеңешип-кесип, 5-апрелге чейин жумушчу топтун курамын түзүп чыгууга тийиш. Жумушчу топ конституциялык түзүлүштү жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча бардык тараптар менен макулдашылган сунуштарды президентке 10-апрелге чейин киргизиши керек. Жумушчу топтун сунуштарын президент өз кезегинде Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт. (KCh)

XS
SM
MD
LG