Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

FREEDOM HOUSE: ОРУСИЯДА ЭРКИНДИК ЧЕКТЕЛҮҮДӨ


Төрөкул Дооров, Москва 2006-жылы Орусияда жарандардын эркиндиги жана саясий укуктар бир топ эле кыскарды. Бул – жалпы дүйнөгө белгилүү Freedom House уюмунун жаңы докладынын негизги корутундусу.

Ошентип, Орусияда демократиялык баалуулуктар кысмакталып жатканы тууралуу дагы бир доклад жарык көрдү. Анда айтылгандай, Кремль өлкөдө жарандык жана саясий эркиндикке көз салып турган бейөкмөт уюмдарды коркутуп-үркүткөнүн койгон жок, оппозициянын күчүн кетирип, региондордо губернаторлор жалаң гана президент тарабынан дайындалышына көзөмөлдү күчөттү.

Freedom House тун программаларынын директору Роберт Херман сүйлөйт.

- Чынында, азыр демократиялык институттарга жана жараяндарга каршы чабуул туш тараптан эле болуп жатат. Биз, адатта, демократия жөнүндө сүйлөп жатып, басма сөздөгү, жарандык коомдогу, сот системасындагы эркиндик тууралуу ойлосок, сот бийликтеринин саясатташып кетиши жана алардагы көз-карандысыздыктын жоктугу, албетте, демократиялуу эмес коомдорго тиешелүү. Бул өңдүү көрүнүштөрдү бүгүн биз Орусиядан да байкап жатабыз, - дейт Роберт Херман.

1991-жылы Советтер Союзу таркагандан кийинки Орусияда эркиндик жаатында бир топ эле ийгиликтер болгон. Бирок андан ары Freedom House Орусияны улам эркиндикти кысмактоого алган мамлекеттердин тизмесине кошо баштады.

2006-жылдын жыйынтыгын чыгарган докладында да Freedom House Орусияны катуу сынга алган болчу. Ал доклад быйыл январда жарык көрдү. Бирок аны Орусиянын маалымат каражаттары катуу сындашканы бар. Айрым учурларда маалымат каражаттары Орусияга берилген бааны дагы да төмөндөтүп көрсөтүп, өлкөнү Куба, Ливия жана Түндүк Корея өңдүү такыр эле эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кошуп коюшкан.

Ушундан уламбы, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги январдагы докладка карата «тантырай беришет» дегендей мааниде билдирүү таратты. Эми Херман мырзанын айтымында, Freedom House Орусия тараптан айтылган ошол сынга жооп иретинде жаңы докладды жарыялап жатат. Бирок мында деле абал жакшырып кеткени тууралуу сөз жок, тетирисинче, Орусияда эркиндикти кысмактоо аракети Кремль тарабынан башкарылып турган системалык жараян экени айтылат.

Хермандын айтымында, Freedom House бул жолу Орусиядагы кырдаал тууралуу кеңири доклад жазышынын максаты – уюм бул проблемалар тууралуу ачык-айрым сүйлөшүүлөрдү баштоону көздөйт. «Бирок орус жетекчилиги өлкөдөгү эркиндик маселелери жана адам укуктары тууралуу сүйлөшүүгө анча дилгир эмес», - дейт ал.

- Биз Орусиядагы эркиндик жаатындагы начар абалга өзгөчө көңүл буруп айтып жатканыбыздын себеби – анын таасири бир эле Орусияга жана орусиялыктарга эмес, жалпы регионго, жакын мамлекеттерге да тийиши мүмкүн деп ишенебиз. Орусиядагы демократиялык эксперименттин маанисин глобалдуу алкакта караш керек, - деп эсептейт Роберт Херман, Freedom House тун расмий өкүлү.

Докладда, мындан сырткары, Орусиянын демократиялык баалуулуктардан чегинип баратышына АКШ менен Евробиримдик жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатышканына да тынчсыздануу айтылат.
XS
SM
MD
LG