Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРДЫН УКУГУ БУЗУЛУУДА


Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагы реформаланганы менен, бул тармак “Манас” программасына кирбей калган. Мындай билдирүүнү “Психикалык саламаттык жана коом” бейөкмөт уюму баштаган бир катар укук коргоо уюмдары жасашты. Алардын айтымында, учурда психиатриялык ооруканалар оор абалда, бейтаптардын болсо укуктары бузулуп атат.

Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын реформалоо 1996-жылы башталып, аны Дүйнөлүк банк каржылап келатат. Анын негизинде “Манас” программасы иштелип чыгып, реформанын артыкчылык бериле турган тармактары белгиленген. Он бир жылдан бери иштеп аткан бул программага психикалык саламаттык сактоо тармагы кирбей калган.

“Психикалык саламаттык жана коом” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаеванын айтымында, балдардын психиатриялык кызматынын ушундай оор абалга келишине Саламаттык сактоо министрлигинин, “Манас” программасынын, реформаны каржылап аткан эл аралык институттардын жана Дүйнөлүк банктын жетекчилери жооптуу:

“Психикалык тармак “Манас” программасына мына ушуну менен экинчи жолу киргизилген жок. Эмне себептен экени белгисиз. Биз бул маселе боюнча Дүйнөлүк банкка да, Саламаттык сактоо министрлигине да кат жазганбыз, бирок эч кандай жооп болгон жок. Мамлекетте жүргүзүлүп аткан мындай саясатты дискриминация десек болот. Анткени психикалык тармак анча деле маанилүү эмес дегендей мамиле болуп атат. Ал эми өлкөдө болсо психикалык жактан майып балдардын саны өсүп атат”.

Укук коргоочулардын айтымында, мамлекетте жүргүзүлүп аткан ушундай саясат, психиатрия тармагына көңүл бурулбай жаткандыгы бул тармакта адистердин кыскарышына алып келди.

Психикалык жактан жабыркаган балдарды даарылоочу республика боюнча бир гана оорукана бар. Ал Чүй областынын Ивановка айылында жайгашкан. Мына ушул жалгыз ооруканада балдарга таш-боор мамиле жасалып атат, дейт жаштардын укугун коргоо уюмунун өкүлү Назгүл Турдубекова:

“Биз бул ооруканага барып текшерүү жүргүзүп, балдар менен сүйлөштүк, абалды көрдүк. Ооруканада иштеген кызматкерлер балдар тартип бузуп койсо, айтканын жасабаса, бир күн тургузуп коюшат экен, чарчап отуруп калса бутун, колун жип менен байлап, баштарын бутунун ортосуна киргизип бууп коюшат экен. Мындан тышкары туура эмес даарылоо жүргүзүшөт экен, маселен кээ бир дарыларды балдарга сайганга болбойт, алар ден-соолукка өтө терс таасирин тийгизет. Ал эми тамак-аш маселесин айтпай эле койсок болот, анткени алардын күнүмдүк тамагы он беш сомдон ашпайт”.

Белгилей кетсек, бул ооруканада болгону бир гана доктур иштейт экен. Ал психиатрдын да, педиатрдын да кызматын кылат.

Укук коргоочулардын мына ушундай дооматтары боюнча салматтык сактоо министрлигине кайрылдык. Министрдин орун басары Мадамин Каратаев Ивановкадагы психиатриялык ооруканадагы мамиле тууралуу атайын комиссия иштеп аткандыгын айтты:

“Биз бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүп атабыз, атайын комиссия иштеп атат. Айтылгандардын кээ бир нерселери тастыкталган жок. Жакында биз текшерүүбүздү бүтүрүп, өзүбүз толук маалымат беребиз. Ал эми психиатрия тармагы “Манас” программасына эмне себептен кирбей калды, аны мурунку министр Тилек Мейманалиевден сурагыла. Чынында Бурул Макенбаева сыяктуу укук коргоочулар аша чапканды жакшы көрүшөт, анткени булар грант алыш керек”.

Мадамин Каратаев психиатриялык саламаттык сактоо тармагы “Манас” программасына кирбей калышына министрликтин мурунку жетекчилери жооптуу деди.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары психиатриялык ооруканаларда бейтаптардын укуктары бузулуп, оорулуулар туура эмес даарыланып аткандыгын буга чейин да айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG