Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде кол койду. Жумушчу топту премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеп, анын курамына бийликтен 5 оппозициядан 6 өкүл кирет. Жардыкта өкмөт башчыга тиешелүү мамлекеттик органдар жана саясий күчтөр менен сүйлөшүү аркылуу 5-апрелге дейре жумушчу топтун курамын түзүү милдети тапшырылган. Бул топ конституциялык түзүлүштү жана башкарууну өркүндөтүү боюнча бирдиктүү сунушту иштеп чыгып, 10-апрелге чейин президенттин кароосуна киргизүүгө тийиш. Андан соң топтун сунушун мамлекет башчысы парламент кароосуна жиберет. (SM)
7:00 Конституциялык түзүлүштү өркүндөтүү боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлөт