БУУнун өнүктүрүү программасы уюштуруп жаткан бул жыйын аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу коомчулукка тереңирээк маалымат берүү максатын көздөйт. Анда бул көйгөй менен күрөшүү үчүн жаңы каржы булактарын табуу, эл аралык экологиялык конвенцияларды кабыл алуу сыктуу маселелер талкууга алынмакчы. Жыйынга мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, эколог-окумуштуулар катышаары күтүлүүдө. (SM)