Буш демократтардын өкүлү, Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Сирияга болгон сапарын айыптады. Буш Пелосинин сапары Сирия президенти Башар Аль Ассадды изоляциялоо аракеттерине залака келтирет деп билдирди. АКШ жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү буга чейин да Аль-Ассад менен жолугушкан, бирок бул Ливан жана Иракка байланышкан проблемаларды чечүүгө кымындай салым кошкон жок деп кошумчалады Буш.