Адвокат Жумабек Шакировдун билдиргенине караганда, кечээ Биринчи май райондук соту Нурлан Мотевге карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул чечимге ылайык Мотуев Бишкектин чегинен чыкпай тургандыгын кепилдеген тил кат берип, камактан бошоду. Ал былтыр 23-майда мамлекеттик мүлктү уурдап-тоногон деген негиз менен Бишкекте камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Мотуев менен бирге дагы 11 адам 160 миң тонна көмүрдү эсепсиз жоготкондугунан шектелип жатышат. Адвокаттын айтымында, Мотуевге байланышкан сот ишинде көптөгөн укуктук өксүктөр бар, ошондуктан, сот «Каракече» ишин кайра тергөөгө жиберди. (BuS)