Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

12:15 Орусия кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн быйыл сексенге жакын бюджеттик орун бөлөт


Бул жөнүндө «Азаттыкка» Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин биринчи катчысы Айгүл Чиныбаева билдирген. Анын айтымында, Орусиянын Билим берүү министрлиги бюджеттик орундардын тизмесин Кыргызстандын Билим берүү министрлигине жакында жиберет, абитуриенттер үчүн маалымат май айында жарыяланат. Кабыл алуу экзамендери Бишкекте да, областтык борборлордо да жүргүзүлөт. Азыркы учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 8 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар окуйт. Анын ичинен 800 студент 81 жогорку окуу жайында бюджеттик бөлүмдөрдө билим алат. Мамлекеттин эсебинен аспирантурада окугандардын саны 60 тегерегинде. (KCh)

XS
SM
MD
LG