Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

САТЫМКУЛ ЖУМАНАЗАРОВ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Бүгүн кыргыз спорт коомчулугу олимпиадалык оюндардын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаровду акыркы сапарга узатты. Даңазалуу жөө күлүктүн сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.

Кырсыктан улам каза болгон даңазалуу марафончу, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаров менен коомчулук Кожомкул атындагы спорт ордосунда коштошту. Ал мындан 3 күн мурда үйүнүн балконунан 7-кабаттан жерге кулап түшүп ооруканада жатып, мурда күнү көз жумган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу митингисине СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев бирге жүргөн учурларын эстеп, жакшы тилектерине жетпей калганын өкүнүү менен айтты.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында Сатымкул Жуманазаров Москвадагы олимпиадалык оюндарда марага биринчи келүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби ал ошол совет доорундагы машыктыруучулардын тоскоолдугуна учураган. Эгемендүү өлкөнүн олимпиадалык кыймылынын өнүгүшүнө салым кошсо дагы анын эмгеги учурунда бааланган эмес.

Сатымкул Жуманазаровду чоң спортко багыттаган алгачкы машыктыруучусу Атауулда Боронбаев чемпиондор айылдан чыгаарын айтып, айылдык спортко көңүл буруунун зарылдыгын белгилеп, Мексикадагы олимпиадалык оюндарга барганда алтын медаль утмактыгын айтты. "Ошол учурда Сатымкул табына келип турган учуру эле" деди Атауулда Боронбаев.

- Айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруу керек, алардан Кыргызстанды дүйнөгө таанытчу чемпиондор чыгат. Буга мисал Каныбек Осмоналиевдин,Сатымкул Жуманазаровдун, Вера Корсакованын, Айып Исаковдун жана башка мыкты спортчулардын тагдыры буга далил. Учурда Сатымкул табына келип турган учурда советтик жетекчилер басынтып, Мексикадагы олимпиадага атайын жибербей, тоскоолдук кылышкан. Ага эч көңүл бурбай коюшкан. Акыры чындык ачыкка чыгышы керек.

“Агым” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин айтымында,“куюн маамыт” атыккан Сатымкул Жуманазаровго көзү тирүүсүндө спорт жетекчилери көңүл бурбай, анын бай тажрыйбасын жаштарга жеткирүүгө шарт түзгөн эмес. Ал түгүл көр- оокат үчүн бош убактысында машинасы менен киши ташып, таксилик кызмат көрсөткөн.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Карабуура районунун Жоондөбө айылында туулган.
1979- жылы “СССР спортунун эл аралык чебери”, 1981- жылы “СССР спортунун эмгек сиңирген чебери” деген ардак наамдарга аргызан.

Ал 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» жана «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жаш жөө күлүктөргө тажрыйбасын бөлүшкөн.

1992-жылдан бери Тоң районунун Кажысай айылындагы спорт комплексинде башкы директор болуп иштеп келген.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан бери машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган.
1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км. аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 км аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 11 минута 16 секунда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Япония, Германия, Греция, Чили, Финляндияда өткөрүлгөн Эл аралык Гран- при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен.

СССР - Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. Сатымкул Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн.

Спорттогу жетишкендиктери “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Даңк” медалы менен бааланган. Кыргызстандагы белгилүү марафончу Назирдин Акылбеков баштаган жаштардын насаатчысы болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG