Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Аба ырайы


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 5-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17 градус.
Таласта түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +12...+17 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13 градус.
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14 градус болот.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Түнкүсүн жана таңга маал жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +14...+16 градус.

XS
SM
MD
LG