Британ өкмөтү кечээ Ирандын коопсуздук кызматынын жетекчиси Али Ларижани менен түз байланыш түзүлгөнүн бышыктаган эле. Тараптар 23-мартта деңизде Иран туткундаган 15 британ аскерин бошотуунун жолдорун издеп жатышат. Анын аралыгында, Иракта америкалык аскерлер туткундаган беш ирандык жаранга Ирандын өкүлү барып жолугаары кабарланууда.