Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

5-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандын борбору 1926-жылдын бу күнү тарыхый аталышынан ажырап, Фрунзе болуп өзгөртүлүп, 1949-жылдын 5-апрелинен тарта манастаанучуларды каралоо иши башаталып, 1953-жылы «Мугалимдер газетасынын» биринчи саны жарык көргөн.

Пишпек округунун активист айымдары 1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек шаарында коомдук ишмер аялдардын биринчи жыйынын өткөрүштү. Жыйында элет аялдарына практикаклык жактан жардам көрсөтүүнүн иш планы каралган.

Фрунзе шаардык Кеңешинде 1929-жылдын 5-апрель күнү финансы-бюджеттик секция ачылды.
«Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө ишке ашпай калган соң, 1949-жылдын 5-апрелинен баштап манастаанчулукка жана аны менен шугулданган айрым илимпоздорго каршы каралоо иши башталган. Г.Самариндин «Советская Киргизия» гезитинин бу күнкү санына «Против буржуазного космополитизма в манасоведении» деген макаласы жарык көргөн. Макалада манастаану боюнча буга чейин жетишилген ийгиликтер жокко чыгарылып, А.Н.Бернштам, Т.Саманчин сыяктуу илимпоздордун изилдөөлөрүнө көө сүртүлөт. Мындан да буга чейин «Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө саамалыгы жокко чыгарылат.

Кыргыз Автономиялык областынын Аткаруу комитетинин Президиуму 1925-жылы Пишпек шаарын коммунисттик партиянын көрүнүктүү өкүлү М.В.Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында чечим чыгарган. Кыргызстандык жолдоштордун өтүнүчү РСФСР Борбордук Аткаруу комитетинде каралып, 1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек шаары Фрунзе аталышын алган.

«Мугалимдер газетасынын» биринчи саны 1953-жылдын бу күнү жарык көргөн. Гезит республикалык статус менен жалпы билим берүү тармагында иштеген мугалимдик кесип ээлерине методикалык жардам берүү максатын көздөгөн. Мындан тышкаары гезит беттеринде мугалимдик кесиптин баалулугу, анда жетишилген ийгиликтер даңазаланган. «Мугалимдер газетасы» жалаң эле окутуучулар эмес жалпы кыргыз интеллигенциясынын сүймөнчүгүнө айланып, ал аркалуу нечен адистер калемин такшалткан деңгээлге жетишкен. Азыркы тапта ал гезит «Кут билим» аталыш менен жарык көрүүдө.
Ички иштер министрдигине караштуу кызмат кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык Башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев 2005-жылдын 5-апрелинде киши колдуу өлтүрүлгөнү маалым болду.
XS
SM
MD
LG