Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: «ЧӨНТӨККӨ КАРАБАЙ ЖАШАП ЖАТАБЫЗ…»


Быйыл Кыргызстандын бюджетинин чыгаша бөлүгү 35 миллиард ашуун сомду түзөт. Киреше жагы андан 4 миллиардка кем. Ортодогу жетишпестикти жаңы өкмөт башка каржы булактарынын эсебинен жабууну көздөөдө. Кош баскычтуу бюджет деле социалдык багытты көздөйт, реалдуу экономиканын муктаждыгына өтөле аз каражат бөлүнүүдө.

Бюджеттин кирешеси менен чыгашасынын ортосундагы чоң айырма быйыл 4 миллиард ашуун сомго чыгып, анын ордун толтурууну жаңы өкмөт баалуу кагаздар менен сырттан келчү грант, кредиттердин эсебинен жабууга ниеттенип жатканын Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров ырастады.

- Бюджет таңкыстыгы 4 миллиард 96 млн сом. Мамлекеттик бюджет жетишпестиги ушунча, ал республикалык бюджетке да тиешелүү. Муну жабуу булактарын биз аныктап койгонбуз. 1 миллиард 250 миллионго жакынын баалуу кагаздар менен элден алабыз ички рыногубузда. Ал эми калган 2 миллиард 800 миллион сомун мамлекеттик инвестициялоо программасы боюнча атайын донорлордон Азия өнүгүү банкы, Ислам банкы, Дүйнөлүк банк, KFW банктарынан алабыз. Ошол төрт банктан алабыз.

2007-жылдын бюджети, эсеби маселен, жаңыланган үч өкмөттүн аракети менен кабыл алынып, ишке ашканы турат. Мыйзам долбоорун Феликс Куловдун министрлер кабинети Жогорку Кеңешке сунуштаса, 1-окуусун Азим Исабековдун өкмөтү талкуудан өткөрдү. Бюджеттин экинчи окуусун депутаттар талкуусуна коюп жатып өкмөт башчы Алмаз Атамбаев өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продукту 3% көбөйгөнүн, анткен менен ага салыштырмалуу чыгашалар 30% арбыганын мисалга тартып, өлкө эмдигиче өз кирешесине ылайык жашоого көнө албай келатканына токтолду.

- Ачык айтканда, чөнтөккө карабай жашап жатабыз да. Карызбыз, карызбыз деп айтып, кайрадан эле карызга киргени жатабыз. Мына өзүңүздөр карап көргүлө, өткөн жылы ИДП өсүшү 3% болду. Ошол эле убакта өткөн жылга караганда бюджеттин чыгаша бөлүгү 30% көбөйдү. Мындай бирдеме себели, келечекти ойлойлу деген максат жок. Эптеп эле тарата калмай.

Депутат Алмамбет Матубраимов быйылкы жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорунан өнүгүү тууралуу бир да сап көрө албаганын белгилеп, 15 жылдан бери тапкан-ташыганды жеп-ичкенден башка иш жасалбаганына кейигенин жашырган жок.

- Өнүгүү бюджети дегенди мен карап жатам. Эч нерсе жок. 5 миллиард 207 миллион сом карайт экенсиз. Анын 3 миллиард 359 миллиону кредит экен. Гранты 1 миллиард 848 миллион экен. Бул жерде эч нерсе жок. Бир завод куралы, өндүрүштү көтөрөлү деген эч нерсе жок. Арык чабабыз, мектеп курабыз. Башка эчтеке жок. Кечирип койгула, жеп-ичкенден башка эч нерсе жок.

Эмнеликтен өлкө эмдиге чейин экономикалык ыкчам өнүгүүгө жетише албай, «көмүскө экономика» чайлап-коолап кетишинин чоо-жайын депутат Темир Сариев момундайча түшүндүрдү.

- Баары эле айтат чыгаша жагын кыскарталы деп. А киреше жагын ким көтөрөт? А.Атамбаевдин айтканы туура. Биз капиталдык салымдарга, өсө турган тармактарга акчаны беришибиз керек.Ошолор бизге кийин, бир-эки-үч жылдан кийин акча алып келгидей болсун. Негизи биз мамлекеттин багытын аныкташыбыз керек. Бул бир. Экинчиси, баарыбыз бүгүнкү күндө экономикада абдан чоң резервдер бар экенин айтып жатабыз. Ошол резервдерди кантип чыгарабыз? Ал боюнча өкмөттүн программасы жок. Жана Каржы министринин айтканын уктуңарбы? 2004-жылдан бери чыгаша жагы 10 миллиард сомго көбөйдү деп айтпадыбы. А киреше жагын, баалардын өскөнүн айткан жок.

Тышкы карыздардын жүгүн кадыресе жеңилдетишке жарай турган HIPC программасына кирүүдөн баш тарткан Кыргызстан быйыл 71 миллион долларды кредиттер акысына кайтарып бериши керек. Негизи ички-тышкы карыздарды төлөөгө эле быйыл 4 миллиард 69 миллион сом талап кылынат. Каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, эгер көчө жыйындары токтолбой, өлкө саясий башаламандыктан башы чыкпаса бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу кыйын.

XS
SM
MD
LG