Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

МАСКӨӨЛҮКТӨР ШААРДАН КАЧЫП ЖАШОО ӨНӨКӨТҮНӨ ӨТҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кийинки учурда КМШ өлкөлөрүнүн баш калааларынын тургундарына мүнөздүү шаардын сыртында жашоо адаты Москвалыктарды да кучагына алууда. Андай адаттын Орусиянын борборунда айрыкча күч экендиги, ал тургай шаардын тышында жашоо үчүн үйлөрүн сатып же ижарага берип, өздөрү көчүп кетип атканы дайын болууда. Алардын айтымында тышта ава таза, ээн-эркин басканга жакшы, менчикке алам десең шаарга караганда ал жакта жердин баасы арзан.

Маскөөнүн чар тарабын кайыңы арбын өскөн калың токой курчап жатат. Бишкектин «Ала Арчасы», Дүйшөмбүнүн «Варзобу», Ташкендин «Дүрмөнү», Алматынын «Медеосу» сыяктуу айтылуу жерлери менен араларын байлаган жол же жер жок келет. Ошондуктан жыйырма чакырым арыдагы, айталы, Переделкиного чыкканда эле адамдын бүткөн бою калаага караганда ажайып айырманы сезет. Андай экенин мындан тогуз жыл мурда эле баш калааны чанып Становое кыштагына көчүп алган Игорь Боков да айткан:

«Биз бул жерге эки апта туруп, Маскөөлүк үйүбүздүн чектелүү жагы бар экенин көрдүк. Үстүбүздө, астыбызда, туш-тушубузда кишилер жашачу. Кайда барба-кишилер. Бул жерде ава таза, айлана жымжырт, чымчыктар сайрашат, Маскөөдө эч убакта көрө албаган - күндүн чыгышы менен күндүн батышын көрүп турабыз», - деген.

Буга окшош ойду Киевден ооп келип Оболенскиде жер сатып алган Ирина Данченко да айткан. Шаарларда үй кымбаттагандыктан жер сатып алып там салуу азыр арзанга түшөт.

Жакында эле ордо калаадан үй-бүлөсү менен көчүп чыккан мугалим Светлана Михайлованын айтканына караганда элетте туруу баарыдан мурда ээн-элкин жашаганга мүмкүндүк берет.

«Биз жер сатып алып там салууну туура таптык. Баарыбызга ыңгайлуу кең–кесири жашагыдай үй куралы дедик. Маскөөдөгү үйүбүз, «хрущевдук» деп коюучу тар үй. Анын аянты кырк чарчы метр келет, а биз бул жерде бир эле ашканабызды кырк чарчы метр куралы дап атабыз», - дейт.

Базар тамырын тартып тургандар шаардан элдин качып атканын көргөндө аны утурлап сатыкка деп үй куруу да болуп атканы дайын болууда. Маселен, жер жана тамташ сатуу боюнча анализчи Иван Воробьевдун айтымында, ордо калаанын чет жакаларына үй куруп, аны чөнтөгү калыңдарга деп салынганын жана андай тамдар 2,3,4 миллион доллар турарын айтат.

Ал эми козголбос мүлк сатуучу Владимир Яхонтовдун баамында: «Кийинки эки-үч жылдын ичинде шаарлыктардын массалуу түрдө элет жерге көчүп конуусу башталат. Албетте, азыр анча кымбат баада сатылып аткан тамдардын баасы ошондо көкөлөп өсөт. Ошондо Маскөө ашыкча жүктөн абдан жеңилденет».

XS
SM
MD
LG