Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

КОСОВО МАСЕЛЕСИ БИРИККЕН УЛУТТАРДА ТАЛКУУЛАНА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде 3-апрелде Косово маселеси талкуулана баштады. Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаари сунуштаган планга Маскөө каршы чыкты, ошондуктан талкуу дагы көпкө улана тургандай.

Акыркы мезгилде Косово маселеси боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү болуп иштеген Мартти Ахтисааринин планы боюнча, Сербиянын курамына кирген Косово автономиясына толук эгемендүүлүк азырынча берилбейт, бирок автономия чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда өз өкүлчүлүктөрүн ача алат жана өзүнүн тышкы саясатын салыштырмалуу эркин жүргүзүүгө киришет. Мындай макам толук эгемендүүлүккө жасалган биринчи кадам деп Сербия өкмөтү планга каршы чыкты.

Орусиянын Бириккен Улуттардагы өкүлү Виталий Чуркин дагы Ахтисааринин планын сынга алып, Косово маселеси боюнча жаңы комиссия түзүүнү сунуштады. Аны Бээжин жана Кеңештин кээ бир туруктуу мүчө эмес мамлекеттери колдоду, бирок Кытай жана Орусия менен кошо Кеңешке туруктуу мүчө болуп кирген АКШ, Британия жана Франция жаңы комиссия түзүп, аны аймакка жиберип, маселени кайра башынан баштоого каршы чыгышты.

Маскөөнүн айтымында, эгер Косово эгемендүүлүккө жетсе, анда мурдагы СССРдин аймагында пайда болгон жана азырынча эч ким тарабынан тааныла элек Абхазия же Днестр жумурияты сыяктуу автономиялар дагы Косовонун жолун жолдошу мүмкүн. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлүнүн милдетин аткарган Алехандро Волфф андай пикирди туура эмес деп мүнөздөдү:

"Мындай тынчсыздануулар ар бир мамлекеттин өзүндөгү окшош маселелер менен байланышкан. Бирок алардын Косово маселесине жана Балкан жарым аралында түзүлгөн чыныгы абалга тийешеси аз. Ошондуктан кабыл алынып жаткан Ахтисааринин планын түшүндүрүп, Косовонун абалы өзгөчө экенин бардык тараптарга жеткирүү үчүн атайын чаралар көрүлүш керек", - деди америкалык өкүл.

Жыйынга Сербия жана Косовонун өкүлдөрү да катышууда жана орус дипломаттарынын пикиринде, косоволуктардын Коопсуздук Кеңешине чакырылганы - Ахтисааринин планынын ишке аша баштаганынын белгиси. Сербиянын айтымында болсо, көрүлүп жаткан аракеттер - жөн гана убакыт короткондук, анткени алар Косовонун эгемендүүлүгүнө эч качан макулдугун бербейт.

Андай пикирди жыйындан кийин Ахтисаари жокко чыгарды: "Биздин аракеттер жөн гана убакыт короткондук дегенге мен таптакыр кошула албайм, биз абдан көп иш жасадык жана маселени бардык жагынан изилдеп чыгып, көптөгөн талкуу өткөрдүк. Талкууну мындан ары дагы созгондук автономиянын макамы боюнча маселени чечүүгө жардамдашат деп мен ойлобойм", - деди Ахтисаары.

Косово калкынын 90 пайызын мусулман албандар түзөт, ошондуктан аймак Сербиянын курамына автономия болуп киргени менен, андагы улуттук азчылык - сербдер өздөрү. Бирок президент Слободан Милошевичтин учурунда серб өкмөтү косоволуктарга каршы тукум курут саясат жүргүзгөндүктөн, 1999-жылы НАТО уюму Сербияга аскерий сокку урган жана ошол жылдан бери Косово Бириккен Улуттардын атайын башкаруусунда.

XS
SM
MD
LG