Ардагер милициялардын «Кылым жолу» коомдук бирикмеси ИИМ кызматкерлерине кайрылуу жолдоп, мамлекет чиеленген коркунучтуу саясий кырдаалда турганын эскертти. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнөн эгер элге каршы ок атуу буйрулса аны аткарбоо, тынч митингге чыккандардын арасында ата-эне, дос-туугандары бар экени белгиленип, Аксыдагы кан төгүүдөн кийинки энелердин көз жашын унутпоо, эл менен бир болуу чакырыгы ташталат. (SM)