Ачкачылык акциясынын башкы демилгечиси, “Арнамыс” партиясынын мүчөсү Бекназар Оруновдун айтымында, алгач ачкачылык жарыялагандар Жогорку Кеңештин алдына бозүй тигишет. Башкы талаптары президенттик чукул шайлоо өткөрүү. Ошондой эле алар талаптары аткарылмайынча акыр-аягына чейин тура бермекчи болушкан:
- 5-апрель күнү саат 09:00дө биз Жогорку Кеңештин жанында ачкачылык акциясын баштайбыз. Биздин талабыбыз бирөө эле. Бакиев кетсин. Бакиев кетмейинче биз аягына чейин турабыз. Ачкачылыктан тышкары биз өзүм баш болуп үч-төрт киши эгер бизге каршы чагым уюштурулса өрттөнүүгө даяр экендигибизди билидирип жатабыз.
Ачкачылык акциясына чыга турган адамдар, мындай кадамга барышканын түрдүүчө түшүндүрүп жатышат. Жумгал районунан келген Жыпаркан Мамытова мындай дейт:
- Мен атайын Жумгал районунун Төлсай деген айылынан келдим. Ушул биздин элибизде чындык болот го деп Акаевди кетирип, Бакиевди колдогон элек. Эми бул киши деле адилет иштеп кеткен жок. Ошондуктан биз ачкачылыкка алыс жактан келдик.
Татяьна Илиясова аттуу аймыдын айтуусунда, жаңы бийлик келгени анын мыйзамдуу үйүн башка бирөөлөр талкалап, тартып алууга аракет кылышкандыктан акцияга кошулууга мажбур болгон:
- Бакиевдин мезгилинде менин үй-жайымды бардык документтерим болгонуна карабай талкалап салышты. Мени үйдөн чыгарып, Орусияга кет деп айтышты. Бул өтө жаман нерсе. Мен ошол себептүү ачкачылыкка чыктым, жыргаганыман чыккан жокмун.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аким Тилек Аканбаев, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун штабынан ачкачылык акчиясы өтөрү тууралуу билдирүү келип түшкөнүн, алардын көчүрмөлөрү тиешелүү органдарга берилгенин маалымдады:
- Бириккен фронттун штабынан бизге билдирүү келген. Он күнчө болуп калды. Билдирүүдө фронттун штабынын жетекчиси Субаналиевдин колу турат. Бирөө менде, дагы бирөө мэрияда, көчүрмөсү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында.
Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, мындай акцияларды жарыялоо ар бир адамдын укугу экендигин жана ар кыл жагымсыз окуялар болуп кетпеши үчүн бийлик тараптан көзөмөл жүргүзүлө турганын билдирди:
- Эми ачкачылык жарыялоо ар кимдин өз укугу. Бул конституцияда жазылган укук. Ар ким өзүнүн саламаттыгын курмандыкка чалып атат. Буга эч кандай уруксаттын кереги жок. Ала үч күн мурда эле чыга турушканын билдиришиптир. Бирок эми буларга кандайдыр бир кысым көрсөтүлбөсү, чагым уюштурулбасы үчүн иш-чараларды жасайбыз. Биздин комиссия ошолордун арасында болобуз.
Бул ачкачылык акциясын “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту колдоп жатат. Эми ачкачылык акциясынын аркасы 9-11-апрелде оппозициялык күчтөрдүн митинги менен уланары күтүлүүдө.