Президент Роберт Кочарян бул кызматка мурдагы коргоо министри Серж Саркисянды дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Мурдагы премьер-министр Андраник Маргарян марттын аягында жүрөк талма оорусунан капилет көз жумган эле. Армениянын конституциясына ылайык, жаңы өкмөт 20 күн аралыгында түзүлүшү керек.