Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Украинада саясий кризис уланууда

Киевде жүздөгөн адамдар президент Виктор Ющенконун парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимине каршылыгын билдиришти. Демонстранттар президенттин иш кеңсесинин алдына чейин басып барып, ал жерден Ющенконун жактоочулары менен тиреше кетишти. Ющенко дүйшөмбү күнү парламентти таркатуу тууралуу жардыкка кол койгон. Шейшембиде Ющенко премьер-министр Виктор Янукович менен өлкөдөгү саясий кризисти чечүү жолдорун талкуулаган. Бирок жолугушуудан эч тыянак чыккан жок.
XS
SM
MD
LG