Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

АКСЫДАГЫ КАНДЫ БАКИЕВ ТӨККӨНБҮ?


«Де-факто» гезити экс-президент Аскар Акаев менен көлөмдүү аңгемелешүүнү басты. Интервьюну мурдагы ажодон публицист Мелис Арыпбек (Санкт Петербург-Маскөө шаарларынан) ушул жылдын 23-мартында алган. Сөз арасында Аксы окуясына токтолгон А.Акаев кандуу окуя болгон учурда чет өлкөдө жүргөнүн, аны ага биринчи болуп Танаев маалымдаганын, келип таанышса премьер-министр К.Бакиев «По усмирению Аксы» («Аксыны тынчытуу») деген токтом кабыл алып, ага колун койгонун, ошол токтомдун негизинде Куралдуу Күчтөр ал жакка топтолгонун, анан кылгылыкты кылып коюп, мен чет өлкөдөн кайтканда отпускага арызын калтырып, өз жергесинде ден соолугун чыңап, беймарал эс алып жатпайбы, деп жазды. Сөзүн андан ары уланткан Акаев, мына ошондогу Бакиев жасаган кандуу окуянын азабын кийин өзү тартканын, боздоп-сыздаган энелердин каргышына өзү калганын, ал тургай баласынан ажырап боздогон энеден таяк жегенин кошумчалаган. Боорукерлиги өз башына тийгенине жаны кашайган А.Акаев, кезинде ыраматылык Бекмамат Осмонов ага Бакиев тууралуу, «Аскар Акаевич, аны кызматка коюп бекер кылып атасыңар, бул чоң интриган, билгизбей былгытып иш жасайт, силер мунун ким экенин жакшы билбейсиңер, акыры азапты ушундан көрөсүңөр» деген эле деп кейийт баарлашуусунда. Ушул эле гезитке «Реформа үчүн» кыймылы тарабынан колдоого алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун толук тексти жарыяланды. Ошондой эле Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орунбасары Алик Орозовдун отставкага кетиши, анын президент К.Бакиевге жазган Ачык каты да ушул санда жарык көрдү.

«Апта» гезити Атамбаевдин келиши абалды өзгөртө алабы деген суроо менен айрым жарандарга кайрылганда, Ысык Ата райкеңешинин депутаты Айдар Абдиев: Атамбаевге ишенерин, «Бириккен фронттун» басма сөз катчысы Азамат Калман; анын оюнча 11-апрелдеги митингден кийин Атамбаев премьер-министрликтен баш тартарын; «Ата Мекен» партиясынын орунбасар төрагасы Дүйшөн Чотонов; Бакиевдер олтурганда Атамбаевдин колунан эч нерсе келбестигин, азыркы түзүлүп жаткан өкмөттү коалициялык өкмөт деп атоого болбостугун, ушул эле партиянын Чүй-Бишкек уюмунун төрагасы Райкан Төлөгөнов; Атамбаевди достору колдобой жатканынын башкы себеби, алар Бакиев менен анын айланасындагылар түзгөн системада иштегиси келбей жаткандыктарын айтышса, КР Маданият жана маалымат министри Султан Раев; Атамбаевдин келиши менен көп өзгөрүүлөр болорун, Билим минстри Каныбек Осмоналиев; анын келиши менен митингдер токторун, Маммүлк фонд төрагасы Турсун Турдумамбетов; 11-апрель күнү туулган күнүн белгилээрин,ЖК депутаты Исках Масалиев; Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү көптүгүн, бирок саясатта, саясатты алып жүргөн адамдарда бет жоктугун, Социалдык жактан коргоо министри Өктөмхан Абдуллаева; абийир берсин деп тилээрин айтып жооп беришкен. Гезит К.Бакиевдин президент болгонго чейинки жана болгондон кийинки сөздөрүнөн айрым үзүндүлөрдү келтирген. Маселен К.Бакиев 2004-жылдын 3-декабрында «Жаңы ордо» гезитинин кабарчысы Бекен Нзаралиевдин суроосуна, «КТРды качан караба Акүйдүн гана позициясын көрөсүң. Элге жыргаган гана заманды көрсөтүп алдап келишүүдө. Элибиз деле алардын калп айтарын билип калышты. «Азаттыкты» угушат», деп жооп берген.

«Лица» гезити Жалал-Абад аймагында антимитингдер кандай жолдор менен жасылып атканын, бийлик Акаев учурундагыдай эле бюджет кызматында иштегендердин ишин токтоттуруп, аянтка айдап келип өткөргөндүктөрүн, оппозицияны жактагандарга кантип басым-кысым жасалып атканын жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG