Областтык борбордогу Барпы театрынын алдында эртен менен башталган митингге ак элечек кийген, ак жоолук салынган жүздөн ашык аялдар келишти. Алар менен кошо мектепке чейинки жаштагы жыйырма чакты балдар чыкты. Алар колдоруна саясий күчтөрдү ынтымакка, биримдикке чакырган тасмаларды кармап турушат, чыгып сүйлөгөндөр оппозиция лидерлерин, Бириккен фронттун жетекчилерин энелердин, балдардын атынан эпке келүүгө үндөп жатышат. Бул тынчтык митингисин облустагы «Энен үмүтү» коомдук бирикмеси уюштурган. (YA)