Талас районуна караштуу Манас айылынын күн чыгыш жагында митингичилер мурда 3 бозүй, 1 вагон орнотушкан. Бүгүн дагы бир бозүй жана палатка тигилди. Жол толугу менен тосулгандыктан жүргүнчүлөр менен митингчилердин арасында азыраак жаңжалдар да чыгып жатат. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Талас районунун акими Канат Нартаев эл менен жолугушту. Бирок анын айткан сөзүн митингчилер ызы-чуу менен кабыл алган жок. Митингичилер “Жерүй” компаниясына жөө жүрүш жасай тургандыгын айтышууда. (UA)