Хамаиль Мухсин Халаф эки күндөн бери дайынсыз болуп, аны уурдап кетишкен деген чоочулоолор айтылып жаткан эле. Окуянын мындан башка чоо-жайы азырынча белгисиз. Ал "Азаттык жанга Эркин Европа" радиосунун ирак редакциясы менен 2004-жылдан бери кызматташып жаткан. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө радионун президенти Жеффри Гедмин журналист Ирак элине маалымат жана жаңылык тартуулоо үчүн өз өмүрүн тобекелчиликке салганын белгиледи. Маркумдун артында үч баласы калды.