Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

10:55 "Айтыш" студиясы мултьфильм тартты


Жаш мультипликатор Изат Абдраимов менен продюсер Садык Шер-Нияз алгачкы «Гүл» мультфильминин бет ачарын өткөрүп бүтө электе аны Мамлекеттик телерадиокорпорациясы сатып алды. Жаңы мультфильмдин мындай тез сатылып кетишине анын ар кандай саясый чектен ашкан көрүнүштөрдүн залалы жөнүндөгү идеясы түрткү болсо керек.

Кыргыз киносунда көп жылдардан бери мультипликатор Токтогул Иязбековдун «Акыл Карачач» мультфильминен соң анимациялык фильм тартыла элек эле. Анимация өндүрүшү татаал эмгекти жана көп каражатты талап кылгандыгы бул тармактын акыркы жылдары токтоп калышына алып келген

«Айтыш фильм» киностудиясын 2006-жылы август айында белгилүү коомдук ишмер Садык Шер-Нияз «Айтыш» коомдук фондунун кинотармагы катары
негиздеген. Бул аралык ичинде заманбап кинотехникалары менен жабдылган профессионалдуу студияда бир катар көркөм жана документалдуу фильмдер тартылып, аталган мультфильм «Айтыш фильмде» жасалды» белгиси менен чыккан продуктулардын бешинчиси болмокчу. Антсе дагы бул мультфильм студиянын алгачкы пилоттук анимациялык фильми болуп калмакчы.

Продюсер Садык Шер-Нияздын айтуусу боюнча киностудия мындан ары дагы анимациялык фильмдерди тартуу багытын күч алдырмакчы жана балдарга арналган тарбия, адеп маанисиндеги картиналарды жаратуу «Айтыш фильмдин» максаты.

2007-жылдагы «Айтыш фильмдеги» тушоо кесүүлөр «Гүл» менен башталса, мындан кийинки кезекте толукметраждуу «Биринчи кадр» комедиясынын жана документалдуу «Байдылда» фильмдеринин бетачары турат.

Студиянын алгачкы продуктусу болгон «Парз» фильми буга чейин Европадагы бир катар Эл аралык фестивалдарынын элегинен өтүп, Европанын кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

XS
SM
MD
LG