Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

КОРРУПЦИЯ КОРБАШЫЛАРЫ КИМДЕР?


Мамлекетти башкарагандар өздөрүнө берилген кол тийбестикти жамынып алып, кечирилгис оор кылмыш кылып, миллиарддаган көк кашка акчаларды уурдап келатат деп билдирген белгилүү укук коргоочу Топчубек Тургуналиев, Акаевдердин куйругу, коррупциянын корбашылары деп төмөндөгүлөрдүн аты-жөнүн «Жаңы ордо» гезитине жар салды. Алар: Ч.Баекова, М.Садыркулов, Ж.Рустамбеков, Д.Үсөнов, С.Балкыбеков, А.Шершов, Н.Султанмуратов, Т.Турдумамбетов, М.Мамбеталиев, А.Ногоев, Ш.Ниязов, Т.Табалдиев, С.Молдокулов, Р.Оморов, А.Давлеткалдиев, М.Бегалиев. Топчубек мырзанын айтымында мындан башка дагы көптөгөн акимдер жана бийлик акырынан жем жеген атка минерлер бар.

«Эркин тоо» гезитинин пикиринде фронтчулардын акыркы кездеги аракеттери бийликти Конституциясыз жол менен алмаштырууга бет алууда. Кокус 11-апрелде башталчу митингде бир нерсе болуп кетсе жоопкерчиликти дал ушул фронт жетекчилери өзүлөрү тартат деп эсептейт.

«Кыргыз туусун» барактаганда эле «Тирешүүгө каршыбыз», «Мамлекетибиздин бүтүндүгү керек», «Биз революцияны коргоп калабыз», «Бир пикирге келели», «Ата Журтту сактагыла», «Дин мамлекеттик саясатка аралашпайт, бирок», «Эл башына күн түшсө эл самаган эр келет» өндүү баш темадагы коомдук уюмдардын, саясый партиялардын, куруучулардын, жеке адамдардын кайрылуулары, каттары басылган. Айрымдары эки тарапты ымалага келүүгө чакырса, айрымдары оппозицияны айыптайт. Ошону менен бирге эле суроолорго жооп берип атып «кайран эл» партиясынын төрагасы Курманбек Турумбеков, эми койгон талаптары аткарылса гана оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө бара турган болуп калганын, талаптар Бакиев тарабынан аткарылбаса «Реформа үчүн» кыймылы да «Бириккен фронтко» кошуларын айтса, ушул эле «Кыргыз туусу» аркылуу депутат Темир Сариев, антимитинг деген тынч элдин кагылышуусуна алып келерин тарых тастыктаганын, Дүйшөмбү шаарынын Жеңиш аянтындагы оппозиция тарабынан өткөрүлүп жаткан митингке тажик бийлиги антмитинг уюштура коем деп, кесепети атуулдук согуш алааматына апкелгенин, өткөн 24-марттагы ак жоолукчандардын митинги Акүйдү алуу менен аяктаганын эске салган.

"Элди экиге бөлгөндөр бир нерсени таптакыр түшүнбөй жатышпайбы. Кокус Түндүк-Түштүк ажырымы кетти дегиче түштүктүктөрдүн жашоосу бүлгүнгө учурайт. Баягы Ош окуясындагыдай бир жагынан коңшулар кыргыз кыздарын жылаңачтап, соорусуна карта чаап киришсе, бир жагынан террорчулар менен наркобарондордун күнү тууйт. Түштүк кылдын учунда, кыматтын мизинде турат. Ошон үчүн Түндүктү кодулабайлы, Элдин-Жердин бүтүндүгүн сактайлы, Ош окуясында кан кечкен Үсөн Сыдыков укаларына айтсын ушуну!» Бул саптар бүгүнкү «Агым» гезитине чыккан 78 жаштагы Беккул Чоробек аттуу карыянын «Түндүк-Түштүк бир жүрөк» аттуу макаласынан алынды.

«Кулов Кыргызстанды жарандык согушка алып баратат». Орус тилдүү журналист Ырысбек Өмүрзаков, бүгүн өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактай турган жалгыз Бакиев экенин, эл алдында кадыр-баркы бар саясатчылар К.Байболов менен Т.Сариевдин ачкөз генералдардын жетегинде жүргөнү өтө кейиштүү иш болуп жатканын «Жаңы кылым» гезитине жазган макаласы аркылуу билдирди.

«МСН суббота» гезити жакында эле кызматтан кол жууган мурдагы 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов менен аңгемелешти. Данияр мырза ушу тапта өлкөдө болуп аткандардын баары бийликтин проблемасы экендигин, бийлик керек болсо бир канча жылдап чогулткан абийрин бир жылда төгүп саларын, өкмөттө бир буту бийлик тарапта, бир буту оппозиция тарапта болуп, окуянын ташы кайсыл тарпка ооп кетерин аңдып тургандар бар экенин айткан.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG