Президент Виктор Ющенко да, премьер-министр Виктор Янукович да өз турумунан кайтпастыгы айкын болду. Ющенко парламенти таркатуу жана жаңы шайлоо өткөрүү чечимин өзгөртпөөрүн кайталап, бул тууралуу жардыкка баш ийбегендер жоопко тартылат деп билдирди. Янукович президенттин жардыгын мыйзамсыз деп атап, өлкөдөгү саясий кризисти чечүү үчүн эл аралык уюмдарды жардамга чакырды.