Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

18:26 Нарын : Жарандык коомчулук бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө үндөп жатат


Нарын университетинин ректору, шаардык кеңештин депутаты, профессор Алмаз Акматалиев, “Мунаса” бей өкмөт уюмунун жетечиси Бакыт Рысбеков жана бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү оппозиция менен бийликти учурдагы кырдаалды элди аянтка чыгарбастан сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат. Алар мындай билдирүүнү жергиликтүү “Алмаз Нарын” радиосунда болгон маекте билдиришти. Алардын айтымында, Конституциялык реформа ноябрь, декабрдагыдай азыр да шашып кабыл алынбаш керек. Азыркы кырдаалга жалгыз гана президент баштаган аткаруу бийлиги эмес, Жогорку Кеңеш да жоопкер болушу зарыл, анткени буга чейинки эки Конституция тең Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.(JI)

XS
SM
MD
LG