15 деңизчи Иранда эки апта кармалып турган соң мекенине кечээ кайтып келди. Британ коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, алар Иран телесинен бул өлкөнүн сууларына мыйзамсыз киргенин моюнуна алып, кечирим сураганы үчүн жазаланбайт. Британия деңизчилер кармалганда, Ирандын эмес, Ирактын сууларына болгон деп эсептейт.