Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

09:50 Саясий ачкачылык уланып атат


“Бакиевсиз реформа” деген талап менен Бишкектеги эски аянтта саясий ачкачылык акциясына чыккандардын саны 76 адамга жетти. Акциянын катышуучуларынын бири Бекназар Оруновдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча бүгүн эртең менен аларга Карабалта шаарынан эки аял келип кошулган.
Ачкачылыкта отургандардын коопсуздугун түнү менен бириккен фронт уюштурган күзөт кызматы, милиция кызматкерлери көзөмөлдөштү. Мындан сырткары акциянын катышуучуларынын ден соолугун дарыгерлер көзөмөлгө алышууда.

XS
SM
MD
LG