Хамид Карзайдын айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда ал талиптерди куралдарын таштап,тынч турмушка өтүүгө чакырган. Жолугушууга талиптер тараптан кимдер катышканын Карзай айткан жок,бирок чет элдик жалданма жаңчылар менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбой турганын билдирди. Кечээ Кабулда бир жанкечти бомбасына жарылып,өзүнө кошо алты адамды жайран кылды.