Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

12:45 Өспүрүмдөр арасында сүрөт боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы белгилүү болду

Сынак Бишкектеги “Балажан” эстетикалык тарбия берүү боюнча окутуу-методикалык борборунда өттү. “Өз дүйнөбүздү өзүбүз курабыз” деген темадагы республикалык конкурстун максаты- өспүрүмдөрдүн чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, жаратылышка, мекенге сүйүүсүн арттыруу жана өлкөнүн тарыхы менен улуттук символдорун таанып-билүү. Калыстар тобу 949 сүрөттүн ичинен мыкты деп эсептелген 27 сүрөттү тандап алды.
Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)
XS
SM
MD
LG