Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

12:50 Канададагы кыргыздар оппозициянын талаптарын колдоого чакырган билдирүү таратты


Кыргыздардын Канададагы “КыргызКонгресс” бирикмеси замандаштарын жана чет өлкөдө жүргөн кыргыздарды “Реформа үчүн!” кыймылынын жана Бириккен фронттун идеяларын колдоого чакырган билдирүү таратты. “Түрдүү себептерден улам биз Кыргызстандан тыш жакта жүрөбүз. Кээ бири сапаттуу билим алганы же иш издеп кетсе, айрымдары бийликтин кысымы алдында өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон” деп айтылат билдирүүдө. “КыргызКонгресс” бирикмесинин мүчөлөрү өз билдирүүсүндө “Азыркы бийлик элге эч жакшы нерсе бере алган жок. Коррупция, үй-бүлөөлүк башкаруу жана жакырчылык көпчүлүк кыргыздарды 21-кылымдын кулуна айладырды. Андыктан өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган бардык кыргызстандыктарды Бириккен фронттун жана “Реформа үчүн!” кыймылынын талаптарын колдоого чакырабыз” деп белгилешкен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG